Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир нерсенин, окуянын, натыйжанын келип чыгыш же пайда болуш шарты. Ышкынаалынын уктап кетишине себеп бар, кечеги түнү үйүнө конок келип, күү-күү менен таңдын атканын сезбей калган (Байтемиров). Мунун бардыгынын негизги себеби эмнеде? (Каимов). 2. Түрткү, жардамчы, шылтоо. Ашырды кенде иштеттирип, өнөр жолуна салууга ошол Егор Иващев себеп болгон (Сасыкбаев). Себеп көп, кабак чытып кейишиме, Жээгиңде жетимсиреп жалгыз турам (Байгазиев).