Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Сатылуучу нерсени акчага же баасына туура келген башка нерсенин ордуна берүү. Калаага бир иш менен шашып бардык, Кайтарда көп таза пул сатып алдык (Осмонов). Эки койго сатып жиберген ээриме ичим күйөт («Ала-Тоо»).
2. өт. Чыккынчылык кылуу. Душманыңа алданып, Элиңдин сырын сатпагын (Токтогул). Күлтебер жанын калкалап, Элимди жоого саткандар («Мендирман»).
Алып сатар — кызыл кулак, чайкоочу, бир нерсени арзанга алып, кымбатка сатуучу адам. Атын сатуу к. ат II. Көзүн сатуу — үмүттөнүп, зарылып кароо, бирөөгө зарылуу, үмүткөр болуу.