Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Артынан сая түшүү, катуу куугунтукка алуу, такай аңдып калуу. Сары изине чөп салып, Саргара кууп алыптыр («Манас»). В.: Сары изине чөп ченөө. Райондун газетасына жазып, экөөбүздүн сары изибизге чөп ченеп жүргөн ошол! («Чалкан»). Изине чөп салуу. Анын изине чөп салып, ушак таратууну максат кылды (Сыдыкбеков). Кокту-колоттун арасын аңтарып, басмачынын изине чөп салмакчы болду (Мияшев). Баскан изине чөп салуу. Алардын баскан изине чөп салып, астыртан аңдууну ойлоду (Жантөшев).