САЛААСЫНАН МАЙ АГУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Болуп -толуп, абдан кененчиликте жашоо. Азыркы мезгилдин несин сурайсың. Бирөөлөрдүн салаасынан май агып, экинчи бирөөлөр жалаң талканга жетпей ар кимдин көзүн карап, жалдырап турган учур («Асаба»).