Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени бөлүп катып коюу, башкага тийгизбей, коротпой катуу. Сактаса чирип дат албайт, Салмагы оор алтынды (Казыбек). Куба курут, сары май Сактап жүрдүң ар дайым (Нуркамал). 2. Коргоо, кол салдырбоо, тышкы аракеттин зыяндуу таасирине учуратпоо, аман алып калуу. Жоодон сактап калкыңды, Эл алкышын ала жүр («Мендирман»). Сен улуттун ар-намысын сактадың! Өзүңдү сен кулчулукка сатпадың (Байгазиев). Адамдарды жамандыктан сактоого, Сөзү гана Айтматовдун буралат (Акматалиев). 3. Асыроо, асырап багуу, чыгымга учуратпоо, жок кылып жибербөө. Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет (макал). 4. Тутуу, кармоо, ойдон чыгарбоо, унутпоо. Кек сактады. Кир сактады. Эсине сактады. Атанын акыл сөзүн сакта, досум! (Шимеев). Абаңдын айткан ырларын Алтындай сактап түйүп ал (Токтогул). Тартип сакта. Адеп сакта. 5. Белгилүү бир жайда болуу, туруу. Каркылдап каздар көл сактайт, Кара ылаачын чөл сактайт (Токтогул). Алтымыш, жаштан ашканда, Айылдын дөңүн сактайсың (Тоголок Молдо).