Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПОЧТА ЖӨНӨТҮҮЛӨРҮН, ТЕЛЕГРАФТЫК ЖАНА БАШКА БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ КӨЗӨМӨЛДӨӨ – түздөнтүз почта-телеграфтык мекемелерде ыкчам-иликтөө органдарынын тапшыруусу боюнча текшерилүүчүнүн (шектүүнүн) кылмыш иштери тууралуу маалымат табуу, анын байланыштарын аныктоо жана маалымат алуу максаттарында белгилүү кат-кабарларды жашыруун карап чыгуу. Конкреттүү адамга даректелген же андан кеткен, ошондой эле конкреттүү дарекке келген же андан чыккан кат-кабарлар көзөмөлдөнүшү мүмкүн.