ПЕРИШТЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Диний мифологияда: көбүнчө кишилерге калкасын тийгизүүчү кудайдын элчиси. Алтынды көрүп, периште да жолдон чыгыптыр (макал). Бешөө болду жолдошум, Периште ишти оңдосун (Казыбек). 2. өт. Жакшы көргөн адамына, көбүнчө аялдарга карата эркелетип айтылган сөз. Айлымда менин сүйгөн периштем сенсиң! (Үмөталиев).