Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Киреше, олжо. Кызыл кулак сүткорго пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев).
2. Жакшылыкты көздөгөн иш, кандайдыр бир кызыкчылыкты, таламды көздөгөн жакшылык. Өмүркул да ыраазы: «Кызыл чектеэлим көрсүн уулумдун пайдасын» деп (Үмөталиев). Карындашым талыкпа, Пайдаңды чач калыкка (Аалы).
ПАЙДА II: пайда болуу — келип чыгуу, көрүнүү, боло калуу. Сен кайдан пайда боло калдың, ыя? (Сыдыкбеков). Кара сойлоктой шыпылдаган бала пайда болду (Бейшеналиев).