ОТУ МЕНЕН КИРИП, КҮЛҮ МЕНЕН ЧЫГУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөнүн кол алдында эч баш көтөрбөй, кыңк этпей, малайы сыяктуу кызмат кылуу, эртеден кечке тыным албай иштөө. Байлардын оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрүп өлгөн малайлар аз эмес (Шүкүрбеков). Оту менен кирип, күлү менен чыкса да өгөй энеден укканы заардуу тил (Кушбаков). Отуңар менен кирип, күлүңөр менен чыгып, кыяматка дейре силердин кул-кутаныңар болуп жүрүшсүн, -дедим (Касымбеков).