Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Тоонун ортосундагы же суу бойлото созулган чоң узун тилке мейкиндик. Өрүшү кенен малга жай, Өрөөнү пахта, данга бай (Токтогул). Арабакечтер сай сымал өрөөн менен жүрүп отурушту (Жантөшев).
2. Адамдын денесинин бир жак жаны, ыптасы. Оң өрөөнүм бүт бойдон ооруйт.