ООКАТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тиричилик; чарбачылык. Эми өзүңчө оокат кыл (Токомбаев). Журт оокатына кам урду (Баялинов). Көр пенделер көр оокат деп түртүшүп, Чачырашты жылдыздардай үркүшүп (Акималиев). 2. диал. Тамак, тамак-аш. Эптеп оокат жасап жиберейин (Жантөшев). Азыр кийинем да, кийигиңин этин балаң экөңө оокат кыламын (Шүкүрбеков). Той токтоп, жалпы журтка оокат берди, Жасалып казы-карта эт да келди («Эл адабияты»). Кара оокатка жандарын Кыйнагандар, аманбы? (Токтогул).