оо
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I этиш. 1. Бир жагына кыйшаюу, бир жагына карата оордук абалда болуу. [Акбар] ооп түшүп калбагандай кылып куюшкандады да,.. торуну коё берди (Убукеев). Жыгылган оогонго күлөт (макал).
2. Бир жактан экинчи жакка которулуу; жер которуу. Жеринен оогонго жети жылы конуш жок (макал). [Карышкыр] бир жактан ооп келген бейм дейм (Сыдыкбеков).
3. өт. Өтүү, багыт алуу, бурулуу. Сөз өлкө, фронт жагына оогондо, Андрей серпилип, чыйралды (Сасыкбаев).
♦ Башы оогон жакка кетүү — бет алды кете берүү, ойлогон жагына бет алуу. Эси ооп калуу — 1) эсинен тануу, эч нерсе сезбей калуу; 2) абдан чарчоо, айласы кетүү, энтек-тентек болуу, айласы кетүү.
ОО II сырд. 1. Таң калганда, өкүнгөндө ж.б. ички сезимин билдирүүдө колдонулат, — Оо, поезд келүүгө али көп бар экен, — деди [жүргүнчү] (Сасыкбаев).
2. Бирөөнү чакырууда же бирөөгө кайрылууда колдонулат. — Оо, сен кимсиң деди (Убукеев).