ОО ІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Таң калганда, өкүнгөндө ж. б. ички сезимин билдирүүдө колдонулат. – Оо, поезд келүүгө али көп бар экен, – деди [жүргүнчү] (Сасыкбаев). Оо, жапан тал, күүлө ырдын балдарын, Оо жалгыздык, эшик какпай төрүмө өт (Белеков). 2. Бирөөнү чакырууда же бирөөгө кайрылууда колдонулат. – Оо, сен кимсиң деди (Убукеев). Оо, казак эл, кеңпейили көрүнгөн, «Манаска» да көңүлдөрү бөлүнгөн (Акматалиев).