Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Уй жана бугу тукумундагы жаныбарлардын териси менен этинин арасындагы сайгактын личинкасын туюнткан окура сөзү татар, башкыр тилдеринде укра, ногой тилинде окыра, кумыкча укура, өзбекче укалак, уйгурча окурук, хакасча ору, якутча куйукта болуп айтылса, моңгол тилинде гуур, калмак тилинде уур болуп колдонулат. Бул сөз алгачкы уруг «1) урук, дан, данек; 2) урук, тукум (ДТС, 616) сөзүнүн экинчи маанисинен өнүгүшү мүмкүн. Ал үчүн уруг сөзүнүн тыбыштары метатезаланып, угру>укра>окра болуп өзгөрсө, моңгол тилдеринде уруг сөзү гуур болуп өзгөрүлүшү ыктымал. Ал эми өзбекче, уйгурча, якутча формаларына метатезалануудан тышкары башка морфемалар да кошулган болуу керек.