Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өлүү, көз жумуу, дүйнөдөн кайтуу, көзү өтүү. Бопун онунчуну бүтүп, «мына эми окууга жөнөймүн» деп турганда атасы о дүйнө кетип, ал жылы шарт болбой калды (Медетов). Экөөңөрдүн бирге жашай турган күнүңөр түгөнгөн экен, эриң о дүйнө кетти (Мавлянов).