О ДҮЙНӨ КЕТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өлүү, көз жумуу, дүйнөдөн кайтуу, көзү өтүү. Бопун онунчуну бүтүп, «мына эми окууга жөнөймүн» деп турганда атасы о дүйнө кетип, ал жылы шарт болбой калды (Медетов). Экөөңөрдүн бирге жашай турган күнүңөр түгөнгөн экен, эриң о дүйнө кетти (Мавлянов). В.: О дүйнө сапар тартуу. Андан бир-эки ай өтпөй 36 жашында о дүйнө сапар тартты. Оо дүйнөгө сапар чегүү. Алардын бирөө оо дүйнөгө сапар чеккендиги жөнүндө кабар келди (Абакиров).