Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чындыгына ишендирүү, ынандыруу маанисинде колдонулат. Нан урсун! чын айтам. Көрсө алардын обу жок тамашасы, куудулданышы экен (Медетов). 2. Көбүнчө каргоо, жек көрүү маанисинде колдонулат. – Аны да ыраа көрбөй тебелетип таштадың. Нан урсун! – деди (Өгөбаев).