Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сөзсүз аткарууга тийиш болгон, адамдын мойнундагы иш, жоопкерчилик. Өлкө коргоо улуу милдет биздеги (Бөкөнбаев). Кой багуу менин милдетим («Ала-Тоо»).
2. Бир нерсеге жетүү үчүн болгон далалат, аракет, алдыга коюлган максат. Биздин милдеткоммунизмди куруу.
Милдет кылуу — дооматын артуу, док уруу. Милдет кылып келген жан Тойдургун деп чалкалар («Манас»).