Местное самоуправление
Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ – КРде жергиликтүү бирлештиктердин бийлик органынын өкүлчүлүктүү (кеңештер) жана аткаруучу (мэрлик, шаар башкармалыктары, айыл өкмөттөрү), ошондой эле жарандардын түздөнтүз катышуулары аркылуу жергиликтүү маанидеги иштерди башкаруу укугу жана иш жүзүндөгү чыныгы жөндөмдүүлүгү. Ж. ө. б. органдары, эреже катары, мамлекеттин бийлик органдарынын тутумуна кирбейт, бирок ишке ашырылышы мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө туруучу бир катар мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ болот.