манжа Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Колдун жана буттун салаа-салаа болуп кеткен эң акыркы кыймылдуу бөлүктөрү, кыймылдуу шакшактары. Апакай колунун кичинекей манжаларын бирден бүктөп жумуп, бирден ачып, санап чыкты (Таштемиров).