КЫМЫЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бээнин сүтүнөн атайын ыкма менен даярдалган улуттук суусундук. Жайлоодогу биз ичкен, Байтал бээнин бал кымыз (Осмонов). Чаначтын булуңдары тирсийип, күлдүрт-күлдүрт чайкалганда, ууз кымыздын жыты бур дей түштү (Сыдыкбеков). Бабалардын ичимдиги кымыз, Арпа суусун ичпе деди кыргыз (Огуз түрктөрүнүн ырынан). Кымызым таттуу болсун – деп, Сабасын кызыл ыштаган (Казыбек).