КҮЙӨӨ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы кыргызча күйөө сөзү байыркы түрк тилинде күдөгү түрүндө болгон (ДТС, 324). Ал күд+өгү бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түркчө күд этиши «1) сактоо, кароо, багуу; 2) багуу, кайтаруу» маанисин берген (ДТС, 324). Ошол этишке зат атооч жасасоочу -агу мүчөсү жалганып, күдөгү сөзү келип чыккан. Бул мүчө жалгануудан келип чыккан сөз «багылган, кайтарылган» дегенге жакын маани берген. Анткени күйөө бала байыркы моңголдордо, түрктөрдө белгилүү мөөнөткө чейин кайын атасынын айлында жашаган. Ошол кезде аны бирөө өлтүрүп кетпесин үчүн мейман катары кастарлап күтүп алган. Ушул себептен байыркы түркчө күдөн «конок, мейман» сөзү менен күдөгү «күйөө» сөзү бир уңгудан келип чыккан. Анткени конок да, күйөө да багууда, кайтарууда болгон. Алар майып болуп калса, үй ээси айыпка жыгылып, эки уруу элдин кагылышына алып келген.