Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Сүзмөдөн тоголоктоп жасалып, кургатылган тамакты билдирген курут сөзү куру этишине зат атооч жасоочу -т мүчөсү улануудан келип чыккан. Мындагы куру этиши — азыркы курга этишинин маанисинде мурда колдонулуп келген.