кундуз
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Териси баалуу, сууда жашоочу кара күрөң түстөгү сүт эмүүчү жырткыч жаныбар жана анын териси. Будурунда бугу бар, Кумдак сууда кундуз бар («Манас»). Кезинде жаштар суу болбойт, Кубулуп кундуз сууда ойнойт (Маликов). Эптеп кундуз таап берсең, кызыма тебетей жасап коёюн (Касымбеков).
2. Аттын туягынын үстү жагына түшүп турган кырка жүн жана буттун ошол тушу. Аттын кундузунан кан алыптыр.
2. Аттын туягынын үстү жагына түшүп турган кырка жүн жана буттун ошол тушу. Аттын кундузунан кан алыптыр.