Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУНДУЗ (иранча хухане — көөнө, эски; диз — чеп, сепил, коргон) — топоним. Ооганстандын түндүгүндөгү шаар жана ага караган аймак. 17-кылымда каттаган уруусу түндүк тараптан көчүп барып отурукташкандан кийин К. ш-нын чөйрөсүндөгү жер «Каттагани вилаети» деп аталат. Эпостун айрым варианттарында: «Кундуз, Талкан жайлаган, Кундуздай кара ат байлаган, Аталык уулу эр Кошой» (Сагымбай Орозбаков, 2. 199),— деп айтылып, негизги каармандардын бири Кошойдун ата мекени катары баяндалат. Географиялык реалияда Ооганстандын түндүгүндөгү шаар жана өрөөн.