КУДАЙГА ҮНҮ ЖЕТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Абдан катуу кейүү, аябай ачуу үн чыгарып боздоо. Кудайга үнү жетип чыңыргандай болсо, бечара кыздын жанына адам туралбайт («Ала-Тоо»). 2. Зар какшап, зыркырап-сыздап тилек кылуу, зарлоо. Кудайга жетер үнүбүз. Үмүттү үзбөй энеке, Он жыл өлбөй жүрүңүз! («Семетей»). В.: Кудайга үнү угулуу. Май куйруктун сулп этке Тартып келип жиберди. Кудайга үнү угулуп Көмүргө башы жыгылып (фольк.).