көйнөк
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Күрмө, кемсел же желетке сыяктуу сырт кийимдердин астынан кийилүүчү жалаң кат кийим. Сырт көйнөк. Ич көйнөк. Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кирин айтса кетет (макал).
¨ Көйнөк-кече — ар түрдүү жеңил кийим-кечелер. Жамила.. көйнөк-кечесин тиктирип алып жүрдү (Баялинов). Кырк көйнөк — жаңы төрөлгөн баланын кыркын чыгарганда (кырк күнгө толгондо) ырым кылып кийгизе турган көйнөк. Көк көйнөк — өтө жугуштуу уй оорусу.