Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүнүн чыныгы жүзүн, ким экендигин жаап-жашырган, түрүн өзгөртүп, тымызын душмандык кылган. Кой терисин жамынган амалдуу бай-манап, молдо-кожолордун бетин ачууда, тап курөшү айыгышкан учурда «Насыят» таасирдүү курал катары пайдаланууда (Бейшеналиев). - Коёнкезов кой терисин жамынган эл душманы! - деди комиссиянын башчысы шапкесин мыкчый ордунан обдулуп (Акматов). Сыртынан эле окшошкон менен дилинде паракор, көшөкөр, алдамчы болгондорду «кой терисин жамынгандар» дешет («Чалкан»).