КОЙ ТЕРИСИН ЖАМЫНГАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өзүнүн чыныгы жүзүн, ким экендигин жаап-жашырган, түрүн өзгөртүп, тымызын душмандык кылган. Шаймерден канча кылган менен кой терисин жамынган эски зулум (Сыдыкбеков). Акыйкат так ошондой табат баарын, Жамынган кой терисин душмандардын (Маликов). Кой терисин жамынган амалдуу бай, манап, молдо, кожолордун бетин ачууда, тап күрөшү айыгышкан учурда «Насыят» таасирдүү курал катары пайдаланууда (Бейшеналиев). – Коёнкөзов кой терисин жамынган эл душманы! – деди комиссиянын башчысы шапкесин мыкчый ордунан обдулуп (Акматов). Сыртынан эле окшошкон менен дилинде паракор, көшөкөр, алдамчы болгондорду «кой терисин жамынгандар» дешет («Чалкан»).