КОЙ ООЗУНАН ЧӨП АЛБАГАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кишиге өйдө карабаган, абдан жоош, момун, куулук-шумдугу жок, эч кимге жаманчылык кылбаган. Кой оозунан чөп албаган момун Өскөнбай эч жакка бурулбастан, түз үйүнө келди (Сыдыкбеков). Кой оозунан чөп албаган момун не бир адамдардын сөөгү ушул мүрзөдө чириген (Осмоналиев). Бул менин кой оозунан чөп албаган бечара тууганым (Касымбеков). Үй ээси мурун деле кой оозунан чөп албаган момун киши эле (Борбиев).