КОТУР ТАШЫ КОЙНУНДА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жаман ойлуу, ичи арам, бирөөгө жамандык кылайын деген ниети бар, бузукулук ою бар. О, наадан десе, кантер экен деп тим койсо, кылтыйып котур ташы койнунда турбайбы (Байтемиров). Сиздин койнуңуздагы котур ташты билген болсо, эне кургур «кайда кетсең да ала кет» деп жалынбас эле го («Советтик Кыргызстан»).