КОҢУРБАЙ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КОҢУРБАЙ — эпостун негизги терс каарманы, эпикалык душмандарынын башкы баатыры, аскеринин кол башчысы. Манас үчилтигинин биринчи жана экинчи бөлүгүндө салттык түрдө айтылган, согуш майданында жоокердик жөндөмү жана башкалар сапаттык артыкчылыктары менен айырмаланган көркөм образ. К. бардык варианттарда бирде калмактын, бирде кытайдын өкүлү болуп, алмашылып айтыла берет. Ал эпикалык душмандарды башкаруу, согуштук иш-аракети жагынан Манас баатыр менен бирдей деңгээлде, ал эми айла-амалы, куулук жактан кээде артыкчылык кылып, эпопеяда чагылдырылган терс каармандардын ичинен акылга дыйкан, согушка маш, найзага ыктуу, жол айласын мыкты билген баатыр. К-дын баатырдыгы жана эрдик көрсөтүүсү негизинен эпостун «Чоң казат» эпизодунда кеңири баяндалат. Ал кыргыз баатырларына каршы согушууда өзгөчө бөлүнүп көрүнөт. «Манас» эпосун изилдөөчүлөр К-дын образын калмактардын баатырдык эпосу «Жангардагы» эпикалык Улан-Хонгор менен байланыштырышат. Окумуштуулардын «Жангар» эпосун дагы Улан-Хонгорду да, «Манастагы» К-ды да Иртыштын башындагы географиялык рндордо кеңири таралган Конгор-Батор деген легендарлуу баатырдын ысымына ббайланыштырышы негиздүү.

Т. Герцен. Коңурбай.
Мына ушул пикирге таянып «Манас» изилдөөчү Э. Абдылдаев да К-дын образы Ойрот мамлекетинин биригүүсүнүн (14—16-кылымдар) жана андан кийинки Жунгар кандыгынын (17 — 18-кылымдар) баскынчыл чабуулдарынын мезгилиндеги калмактардын феодалдык баскынчыларынын жалпылаштырылган образын туюндурат деп көрсөтөт. «Манас» эпосунда сүрөттөлгөн «Кызыл чоктуу чоң Коңур, Кытайдан чыккан оңбогур», «Көркүн көрсөң ушундай, Кечилдин каны Коңурбай» кытай элинин баатыры, Манастын негизги жана коркунучтуу душманы катары бардык варианттарда баяндалат. К. эпопеянын негизги салттык окуяларында (Манас баатырдын Алтай жериндеги алгачкы жана Ала-Тоого көчүп келе жаткан жолдогу кандыктарга каршы казаттарын эске албаганда) катышып, баскынчы душман баатырларынын эң көрүнүктүү өкүлү катары роль ойнойт. Манасчылар К-дын образын түзүүдө баатырдыгын гана эмес, анын бардык иш-аракеттерин сүрөттөп, көп кырдуу мүнөз түзүшөт. «Манас» эпосунда катышкан окуяларында К. — баатыр, К. — кол башчы, К. — эпикалык кан, К. — баскынчы, К. — аксым, К. — айлакер. К-дын образындагы жетектөөчү ушул сапаттар негизинен үчилтиктин «Манас» бөлүгүндө кеңири ачылат. Манас баатырдын каршысында турган:
Кебез белбоо, кең өтүк
Кечилдин каны Коңурбай.
Өзү жоонун айласын билген эрениң —
Найзакерден ыктуу кул,
Жоонун айласын билген мыкты кул.
Бел байлаган бели ошол,
Бекитилүү жери ошол.
Каканчылуу кырк канды
Өзү кайтарып турган эр ошол, — деп сүрөттөлөт.
К. дайыма баскынчылык аракеттерин ишке ашырууда кыргыздардын малын, жерин тартып алууга умтулат. Көпчүлүк манасчылардын варианттарында Көкөтөйдүн ашында Мааникер тулпарды бер деп кыр көрсөтүп кыргыз баатырларынын айрымдарын опузалайт. К. эпосто кайдыгер сүрөттөлбөйт, ал дайыма таңдануу жана жек көрүү, шылдың сезим менен көрсөтүлөт. Буга ал Манасты алдап жарадар кылганы ачык мисал боло алат. Атайын аңдып жүрүп, камсыз, жараксыз турган Манасты капыстан (Сагымбай Орозбаковдо найза менен сайса, Саякбай Каралаевдин варианты нда айбалта менен эки жолу чабат) жарадар кылган К-дын иши баатырдын баатырдык жеңиши катары сүрөттөлбөстөн, арсыз, намызсыз адамдын иши катары бааланат.

Коңурбайдын ордосу. «Манас. операсы. 1977.
К-дын адамдык сапат касиетинин төмөн турушу анын баатырдык сапаттарын төмөндөтүп, чексиз күчүн жокко чыгарат. Ал кара күч, баатырдык сапат жактан өзүнөн төмөн турган оң каармандын кимисине болбосун чечүүчү мезгилге чейин туруштук бере албай качып берет. Душмандан качуу жеке эле К. эмес, жалпы эле терс каармандар үчүн намыс эмес. К. душмандарына алар аңдабай турганда, же аламан согуш учурунда жашырынып келип аң-достон кол салуучу адаты бар. Эгерде эпостогу оң каармандар жеринин, тууган элинин эркиндиги, көз каранды эместиги үчүн өлүмгө даяр турса, К. жана ал сыяктуу баскынчы душман баатырлары мындай эрдикке жарамсыз. Бирок, Манас акыры К. колдуу өлүмгө учурайт. Манастын уулу Семетейдин да негизги күчтүү жоосу — К. Эпикалык салгылашууда же жарадар болуп акыры каза тапкан башкы баатырдын кунун кууп, анын ишин улантуучу эр жүрөк уулу жөнүндөгү салттык тема «Семетейде» сакталган. К-га Семетейдин каршы салгылашуусу элдик эпостордогу кангакан деп өч алууну билдирген салттык мотивге негизделген. Саякбай Каралаевдин варианты нда кытай баатыры К-дын «Манас» эпосундагыдай эле баскынчылык жана айлакерлик саясаты «Семетейде» да өз күчүндө сакталган. Эпосто К-дын баскынчылык, зордукчулук иш-аракетин Таласты камап «Чатакташпай чырдашпай, Таласың тартуу бер, бурут» деп буйрук кылып, сууну башка тарапка бурдуруп, элди суусуз калтырганы жана анын айлакер, арамзалыгы калк карысы Бакайдын Семетей баатырга: «Сен эмес атаң Манасты алты жолу алдаган Коңурбай» дегенинен көрүнөт. Бирок, эпосто К. «айкырыгы таш жарып» канчалык каарданса да, амал-айланы колдонсо да, Ата Мекен үчүн күрөшкөн Семетей баатырдан жеңилет. К-дын образындагы терс сапат анын эпикалык душман өкүлү экендиги менен гана түшүндүрүлбөйт. Ал — өз элинин, өз элиндеги адилет адамдардын да душманы. Демек, анын сапаттарындагы (терс) көрүнүштөр жалпы эле андагы адамдык касиетинин негизи менен шартталган. Ал чет эл менен касташып, жоолашпай турган тынчтык учурунда деле өз эл, өз жер, өз ич ара айрым кандар менен кагылышып, зордук-зомбулук көрсөтүп, адилеттикке, оң ишке каршы турат. Буга К-дан зордук-зомбулук көргөн Азизкандын баласы Алмамбетке толгонуп ызалуу айткан төмөндөгүдөй сөзү далил боло алат:
Баласыздын артынан,
Көп көргөмүн кордукту
Коңурбай ит калчадан.
Алган жерим бөлүп бер.
Алың итке келбесе
Тирүү жүрбөй өлүп кел (Саякбай Каралаев, 2. 106).
Азизкандын мамилесинин маңызын ачкан жогорудагы сөзү аркылуу өз элинде, өз жеринде да К-дын зордукчул адам экендиги ачык сезилет. Аталаш тууганы Азизкандын «Кан-Жайлак» деген жайлоосун тартып алышы — анын зордукчулдугуна күбө. Мына ушул фактылар эпостун башкы оң каармандары Манас жана анын уулу Семетей баатырдын негизги душманы болгон К-дын кандай адам экендигинен толук кабар берип турат. Үчилтиктин биринчи бөлүгүндө аягына чыкпай калган сюжеттик сызыкты экинчи бөлүк аягына чыгарат, башкача айтканда кыргыз баатырларынын качантан берки эң негизги, эң коркунучтуу душманы К. жок кылынат.
С. Алиев