Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айлы, үйү турган жери жанаша, бири-бирине жакын, кошуна. Коңшу айыл. Коңшу үй. || Кошуна жашаган адам, кошуна кишилер. Артазак өзүнүн коңшусу менен бир кыйла дурус мамиледе болуучу (Абдукаримов). 2. тар. Бай, оокаттуу кишиге жакын жашап, ага көз каранды болуп күн өткөргөн кедей, кембагал адам. Бириң коңшу, бириң малай, Бириң кулдай жүрдүңөр (Токомбаев).