Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Сый-сыпат көрсөтүү, күтүү үчүн чакырылган же жөнүнчө келип сый көрүүчү адам, мейман жана ага көрсөтүлгөн сый. — О, байбиче, конок келди, шырдак салгыла (Байтемиров). Жапардын жолдошторун конокко чакырдык (Жантөшев). Коногуна кой союу. Конок кылуу.
¨ Конок үй — коноктор келип түшүүгө, конууга арналган үй, мейманкана. Конок алуу — ашта, тойдо алыстан чакырылгандарды кондуруп конок кылуу, кондуруп узатуу. Малдуулар ашка келгендерди күтүүгө, конок алууга камынышты (Бөкөнбаев). Кудайы конок — жолоочулап, жол жүрүп баратып кез келген жерине түнөп, конуп кетүүчү конок. — Ким?деди.Кудайы конокпуз (Бөкөнбаев). Сөзгө конок берүү к. сөз.
КОНОК II зат. 1. Таруу сыяктуу майда дандуу кара эгин. Конок айдалган ойдуңдан калың уйду түрө айдаган эки атчан чыкты (Бейшеналиев).
2. диал. Жүгөрү.