Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОНОК — топоним. Көкөтөйдүн ашында Манас Жолойдун жаагын айра чапканда ал: Чакы менен Жайнактын Кулжа менен Коноктун Келе ортого барармын Калың бир колдор болормун Ошондо Манас сага кылармын (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 92-б.),— деп кекенип, ачуусу келгенде айтылат. Географиялык реалияда Иле аймагындагы жердин аты.