Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан тажатуу, көңүл калтыруу, кабыргага батуу. Хандын зулумдугу көкөйгө көк талкандай тийди («Жомоктор»). Ал апаңдын көз жашын көлдөттү. Көкөйгө көк талкандай тийди (Тойбаев). Орой жана зөөкүрчүлүк мамилелери, алардын көкөйүнө көк талкандай тийди («Советтик Кыргызстан»).