КӨКӨЙГӨ КӨК ТАЛКАНДАЙ ТИЙҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан тажатуу, көңүл калтыруу, кабыргага батуу. Хандын зулумдугу көкөйгө көк талкандай тийди («Жомоктор»). Ал апаңдын көз жашын көлдөттү. Көкөйгө көк талкандай тийди (Тойбаев). Орой жана зөөкүрчүлүк мамилелери, алардын көкөйүнө көк талкандай тийди («Кыргыз Туусу»). В.: Көкөйгө көк таштай тийүү. Артыкча жокчулук журттун көкөйүнө көк таштай тийди (Баялинов). Оор турмуш анын көкөйүнө көк таштай тийди (Бектенов). Көкөйүнө тийүү. Баштан өткөн оорчулук, жокчулук жаш баланын кендирин кеспедиби, көкөйүнө тийбедиби (Баялинов). – Кудай кары ургу-сүргү көкөйүнө тийгенби (Бейшеналиев). Көкөйгө тийүү. Демек, көкөйгө тийген алардын запкысы (Абдыраманов). Көкөйгө тийген бул жоруктан улам тигиге көрүнбөөгө аябай аракеттенчүмүн (Медетов). Көңүлгө көк таштай тийүү. Бирок, көңүлгө көк таштай тийип, көшөкөрлүккө, жагымсыз жаатташууга, кереги жок кектешүүгө чейин барды. Көңүлүнө көк талкандай тийүү. Жалгыздык, бойдок жүрүү көңүлүмө көк талкандай тийди. Көңүлүнө көк чайдай тийүү. Бир канча күндөн бери көңүлдөрүнө көк чайдай тийген өрттү эстешти («Ала-Тоо»). Көңүлүнө тийүү. Анын азыркы көргөн ызакордугу көңүлүнө катуу тийип, баланын сезими чочуп калбагай эле деп сестенет (Өгөбаев).