КЕЗДЕМЕ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАбдан ичке ийрилген жиптен согулуп жасалган материалдарды жалпы жонунан кездеме деп коёбуз. Ал жоон жиптерден согулган таардан, килемден ошонусу менен айырмаланат. Бирок кездеме сөзү ичке жиптен жука болуп токулгандыгы үчүн аталган эмес, кез деген чен менен өлчөнүп сатыла турганы үчүн ээ болгон. Орто Азия элдеринде кез деген чен бирдигинин белгилүү бир калыптагы узундугу болгон эмес. Ар бир мамлекет, эл өз бетинче ар кандай узундуктагы өлчөмдү кез деп атаган. Эгерде кездеме алып келген соодагердин кези жоголуп калса, анда кыргыздар узун бойлуу кишинин колунун учунан оозуна чейинки аралыкты бир кез деп эсептеп, ошол боюнча кездеме сатып алышкан. Демек кез деген өлчөм «адамдын колунун учунан оозуна чейинки аралыкка барабар узундук» дешке болот. Ар бир адамдын боюна жараша кез өлчөмү да ар башка болуп чыгат. Адамдын кулачынын узундугу боюнун узундугуна барабар болгондуктан, 2 метр бийиктиктеги кишинин жарым кулачы 1 метрге, 1м. 80 см. кишинин кези 90 сантиметрге барабар келер эле. Эгер 1 метр 70 см бойлуу кишини орто бойлуу деп эсептесек, анда кездин орточо узундугу 85 сантиметрге барабар дешке болот. Кыскасы, кез менен өлчөнүп сатыла турган болгон соң ошол товардын өзү кездеме аталып калган. Кезде этиши «кез менен өлчө» маанисин берет да, кез+ла бөлүктөрүнөн турат. Ага -ма мүчөсү жалгануудан ошол «кезделип сатыла турган буюмду» билдирген кездеме сөзү келип чыккан.