КЕТ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Турган, болгон жеринен башка бир жакка жөнөө, кайтуу, баруу. Буту-колум кишенде, Муңайып алыс кетемин (Токтогул). Алса да кеттик, албаса да кеттик (Сыдыкбеков). 2. Белгилүү бир абалдан чыгуу, мурдагысынан өзгөрүлүп, арылып, башкача абалга келүү, жоюлуу, жок болуу. Кетти, кетти, кетти чоң үй капасы, Кеткенине кубанды уул, атасы (Осмонов). Мууну кетип калтырап, Кармаган колу карышты (Жантөшев). Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кирин айтса кетет (макал) 3. Дүйнөдөн кайтуу, көзү өтүү. Ушул бойдон туяксыз кетсе, кайран неме өрт өчкөндөй болбосун (Сыдыкбеков). 4. Болуп өтүү, болуп калуу. Сенден бир балалык иш кетти. Ошондо бир билбестик кеткен экен («Ала-Тоо»). 5. Жумшалуу, сарп кылынуу. Ишти бүтүрүүгө көп күч кетти. Канча каражат кетти? 6. Негизги этишке айкашып, кыймыл-аракеттин тезинен, чукулунан боло калганын, же кыймыл-аракеттин болуп өткөнүн билдирүүчү жардамчы этиш катары колдонулат. Коркуп кетти. Шашып кетти. Узап кетти. Отура кетти. Бере кетти. Келе кетти.