КЕМЕГЕДЕН МАЙ АГУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Мал көп союлуп, тамак-аш ашып-ташып туруу, абдан берекелүү болуу, чөмүч да май, кашык да май болуу. Тоюңарга бээ союп, кемегеңерден май агып жаткан күнү эгин сурап силерге келип отурам (Жантөшев).