Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Түрк тилдеринде кеме түрүндө айтылган сөз калмак тилинде керме түрүндө айтылары белгиленген (КРС, 296). Байыркы кезде түрк тилинде бул сөз керме аталышы мүмкүн деп эсептегенде, керме сөзү кер+ме бөлүктөрүнөн турат. Анткени керилген таар парус катары пайдаланылганы үчүн сууда сүзүүчү кайык сыяктуу зат да керме аталган. Кийин р тыбышы түшүп, азыркыдай кеме түрүнө келген. Калмак тилинде болсо ал тыбыш түшө электеги байыркы формасы сакталган.