КЕКЭЭР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кээр сөз, кер какшык. – Макул! – деди мейман абышка бир аз кекээр кылып (Убукеев). Чындап эле шылдыңдагысы келгендей ачуу кекээр менен күлүп калды («Ала-Тоо»). Гүлкайыр тымызын кекээр менен карап жылмайып койду (Жантөшев).