Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айткан сөзү эч нерсеге жарабоо, сөзүнө эч ким көңүл бурбоо, эч кимге сөзү өтпөө. О, алакчы дүйнө, кедейдин кеби суу кечпей калган заман беле? (Сыдыкбеков). Кедейдин кеби суу кечпеген курган замана тура (Сыдыкбеков). В.: Сөзү суу кечпөө. Абыкенин сөзү суу кечпей калганын Эшмат дароо байкады да, Өмүрзакты карызды доолап келүүгө жумшады («Кыргызстан маданияты»).