Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Айран, сүт, жуурат ж. б. Байдын таягын жеп айран ичкенден көрө, жатакчылардын бири болуп, катыгы жок кара жармаңды ичип жүр! (Аалы).
КАТЫК II: катыгын берүү — жазасын берүү, сокку уруу, кадемин катыруу. Кара ниеттердин катыгын берүү үчүн жетиштүү күч бар (Бейшеналиев).
КАТЫК III этиш. Такшалуу, токтолуу, кагылуу. Бери болчу, Тик карачы өзүмө, Катыгыпсың, Жетилипсиң (Аалы). Жаман чапан кийгиздим, Катыгып адам болсун деп («Эр Табылды»).