КАТКЫР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргыз тилинде Боору катканча күлдү. Кыраан-каткы күлкү чыкты деген учурларда айтылган кат этишинен каткы сөзү жасалган. Азыркы алтай тилинде каткы сөзү кыргызча «каткырык» маанисинде колдонулат. Ушуга караганда мурда кыргыз тилинде да каткы сөзү «каткырык» деген маанисинде болгон. Ошондон жогорку кыраан-каткы дегендеги каткы сөзү айтылат. Ага этиш жасоочу -р мүчөсү жалгануудан каткыр сөзү жасалган.