КАТ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кимдир бирөө менен пикир алмашуу, кабарлашуу, саламдашуу ж. б. максат үчүн кагаз бетине түшүрүлүп, бир жакка жиберилүүчү текст. Анан Ванька чоң атасына кат жазды. (Сыдыкбеков). Татыбек, атаңдан кат барбы? (Байтемиров). 2. Жаза билүү сабаттуулугу, жазуу. Сиз өзүңүз кат билесизби? – дедим (Абдукаримов). Өнөр билдик, көтөрүлдүк асманга, Кат тааныдык, кагаз алып жазганга (Шүкүрбеков).