Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
кат I Азыркы кыргыз тилинде бул сөз беш омоним түрүндө колдонулат. Бирок «үн кат», «сөз кат», «тил кат», «кол кат» деген сыяктуу сөз айкаштарынын курамынан кездешүүчү «кат» этиши эмнегедир сакталган эмес жана ал азыркы мезгилде өз алдынча колдонулбайт. Башка түрк тилдеринде, мисалы, Түркия түрк тилинде бул сөздүн «кош, кошумчала» деген мааниде колдонуларын эске алганда гана жогорудагы фразеологизмдердин мааниси айкын болот: «үн кат = үн кош» ж.б. Кыргыз тилинде бул уӊгу «кат+ык, кат+ыш» деген туунду сөздөрдүн курамынан кездешет. кат II Байыркы мезгилде бул сөз «жемиш» маанисин билдирген (ДТС 1969:432). Азыр кыргыз тилинде өз алдынча колдонулбаганы менен «карагат» (кара жемиш), «кызылгат» (кызыл жемиш), «кожогат» (чоӊ жемиш, түрк тилинде кожо «чоӊ» деген мааниде колдонулат) деген жемиш аттарында сакталып калган.