КАЛТЫРА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Чыйрыкканда, катуу үшүгөндө, кубанганда, корккондо, ачуусу келгенде ж. б. учурда токтоно албай титирөө, калч-калч этүү. Ал кубанганынан калтырап да кетти (Токомбаев). Калтырап коркуп тургандай, Кайратсыз өскөн жан белем (Бөкөнбаев). Калтырабай үйгө кирчи, үшүп кеткен тура! («Ала-Тоо»). Тоту ачуусуна чыдай албай калтырап, өңү кумсарып турду (Жантөшев). Батыш калтырап коркуп, азга эшик ачкан жок (Байтемиров). 2. өт. Сараңдык кылуу, дүнүйөгө, оокатка кароо болуу, зыкымдануу. Жанынан беш тыйын чыкса калтырайт.