КАКТАБАЙ КАНЫН СОРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Аябай эзүү, запкы көрсөтүү, ырайымсыз мамиле жасоо. Эгер Орозкул иштен кууп жиберсе, кемпири кактабай канын соротко дейт (Айтматов). Кактабай канын сорот, азыр да шек санай сөз узатканы ошондон улам (Медетов). Булар тыйынды сом кылып, кактабай канды соргондор (Шүкүрбеков).