КАКТАБАЙ КАНЫН СОРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Аябай эзүү, запкы көрсөтүү, ырайымсыз мамиле жасоо. Баланын кактабай канын соргон сен элең го! («Чалкан»). Эгер Орозкул иштен кууп жиберсе, кемпири кактабай канын сорот ко дейт (Айтматов). Кактабай канын сорот, азыр да шек санай сөз узатканы ошондон улам (Медетов). Булар тыйынды сом кылып, кактабай канды соргондор (Шүкүрбеков). В.: Кактабай канын ичүү. Менин кактабай канымды иччү белең! – деди Ашыр кожоюнга (Сасыкбаев). Кактабай канын алуу. Кактабай канымды алып, мага дагы эле болсо шек санай карайт («Ала-Тоо»). Канын соруу. Адамдын канын сүлүктөй соргон кадимки казы манап (Бектенов). Алардын канын аябай соргон экен, элдин айтымына караганда («Ала-Тоо»). Канын кактабай соруу. Канын кактабай соргон экен (фольк).